БИШКЕК, 8-май — Sputnik. "Кумтөр голд компани" ишканасына каршы доо арыз жана сырттан башкаруу боюнча жаңы мыйзам долбоору тууралуу жаңылык тараган соң Centerra Gold Inc компаниясынын акциялары Канада жана Нью-Йорк фонддук биржаларында арзандап кетти.
Кечээ Бишкектин Октябрь райондук соту "Кумтөр Голд Компани" компаниясын экологияга тийгизген залакасы үчүн деп мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 сом төлөөгө милдеттендирген чечим чыгарды. Ага чейин Жогорку Кеңеш министрлер кабинетине ишкананы сырттан башкарууга мүмкүндүк бере турган мыйзам долбоорун жактырган.
Канада биржасында Centerra акциялары 29,97 пайызга арзандап кетти. Investing.com сайтындагы маалыматка караганда, соода башталган учурда 11,98 Канада доллары турган бир акциянын баасы кийин 8,39 долларга түшүп калды. Ал эми Нью-Йорк биржасында акциялар 29,82 пайызга төмөндөдү. Бир акциянын баасы 9,86 АКШ долларынан 6,92ге чейин түштү.
Centerra Gold Inc. — канадалык алтын иштетүүчү компания. Кыргызстандагы Кумтөр кенинде иштейт. Кыргызстан ишкананын болжол менен төрттөн бир бөлүгүнө ээлик кылат.