Булкушуп, жулкушуп... Айаал Лазаревдин дүйнөлүк мелдеште коло уткан видеосу

Кыргызстандык балбан баштапкы этапта индиялык балбанга жеңилип, Олимпиадага жолдомо алуу мүмкүнчүлүгүнөн кол жууду. Калган беттештерди артыкчылык менен уткан.
Sputnik
Кыргызстандык эркин күрөш балбаны Айаал Лазарев Токио Олимпиадасына жолдомо берилүүчү дүйнөлүк лицензиялык мелдеште коло байге утту. Турнирдин жүрүшүн United World Wrestling (Дүйнөлүк күрөш уюму) уюмунун расмий сайты түз алып көрсөттү.
Алп балбан коло байге үчүн кармашта венгриялык Диас Робертти 7:5 эсебинде утуп алды.
Бишкек мэриясы Айсулуу, Жоламан, Дарья баш болгон спортчуларды сыйлады
Лазарев мелдештин баштапкы этабында Индия балбаны Сумит Сумит менен кармашкан. 2:1 эсебинде утуп жатып, беттештин бүтөрүнө 22 секунда калганда бир упай алдырып койду. Эсеп 2:2 менен аяктап, акыркы аракетти жасаган балбанга артыкчылык берилген эрежеге ылайык жеңиш индиялыкка ыйгарылган.
Сумит финалга чейин жеткендиктен Лазарев көңүл жубатуучу беттештерге чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Адегенде молдовалык Александр Романовду, андан соң өзбекстандык Рустам Искандаринин далысын тийгизип, таза жеңишти камсыздаган.
Турнир ушул күндөрү Болгариянын София шаарында өттү. Анда биринчи жана экинчи орунду камсыздаган балбандарга Токио Олимпидасына жолдомо берилди.
Аталган мелдеште кыргызстандык Алмаз Сманбеков (57 килограмм), Арсалан Будажапов (74 килограмм) жана Саякбай Усупов (86 килограмм) лицензия үчүн таймашып, ийгиликке жете алышкан жок.