Жердин температурасы үч миллион жылдан бери жогорку көрсөткүчкө жетти

БУУнун башкы катчысы адамзат жардын кырында турганын айтып, калабанын алдын алуу үчүн дүйнө эли таза жана жашыл жолду тандап, биргелешип иш алып барышы керектигине токтолгон.
Sputnik
БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Өткөн жылы Жердин температурасы үч миллион жылдан бери жогорку көрсөткүчкө жетип, адамзатты климаттык кыйроого жакындатты. Бул тууралуу БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерреш "Петерсбергский климатический диалог" форумунда сүйлөп жатып айтканын РИА Новости жазды.
"Өткөн жылы дагы күтүүсүз климаттык өзгөрүүлөр, кырсыктар көп болду", — деди Гутерреш.
Климат көйгөйүнө жамынып ааламды аңтаргандар. Сереп
Анын айтымында, абада көмүр кычкыл газынын концентрациясы 148 пайыз болуп эң жогорку тепкичке жеткен.
Гуттереш бул үч миллион жылдан берки эң жогорку көрсөткүч экенин белгилеген. Ага чейин Жердин температурасы үч градуска, деңиз деңгээли 15 метрге жогору болчу.
БУУнун башкы катчысы адамзат жардын кырында турганын айтып, калабаны алдын алуу үчүн дүйнө эли таза жана жашыл жолду тандап, биргелешип иш алып барышы керектигине токтолгон.