Сахалинде тамактан ууланган 12 кыргызстандыктын абалы айтылды

Түштүк-Сахалиндеги консул оорукананын жетекчилиги менен байланышты. Дарыгерлер кыргызстандыктардын ден соолугу жакшырганын билдиришкен.
Sputnik
БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Россиянын Сахалин аймагында ууланган 12 кыргызстандык ооруканадан чыкты. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Буга чейин ЖМКлар "Оргэнергострой" институтунун Углегорск филиалында иштеген кыргызстандыктардын тамак-аштан ууланганы тууралуу жазышкан.
Ошто конок үйүндөгү бассейндеги сууга ууланды делип 7 бала ооруканага түштү
7-майда Кырызстандын Түштүк-Сахалиндеги консулу Углегорск борбордук ооруканасынын жетекчилиги менен сүйлөшкөн. Анда мекендештердин ооруканага түшкөнүн тастыкташып, алардын ден соолугуна коркунуч келбегендиктен ооруканадан чыгарылганын айтышкан.
Окуяны андан ары териштирүү үчүн материалдар Углегорск прокуратурасына жана Роспотребнадзордун Сахалиндеги башкармалыгына өткөрүп берилген. Элчилик бул маселени тыкыр көзөмөлүнө алган.