Кыргызстанда Орозо айт 13-майда белгиленет

Орозо айынын узактыгы ай календарына жараша 29 же 30 күн болот. Быйыл бул майрам 13-майга туура келгендиктен кыргызстандыктар эс алышат.
Sputnik
БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Кыргызстанда бейшемби күнү, 13-майда, Орозо айт белгиленет. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.
Мындай чечимди Аалымдар кеңеши кабыл алган.
Ислам шариятында Рамазан айынын башталышы жана аякташы жаңы чыккан Айдын көрүнүүсүнө карап аныкталат. Орозо айы кээде 30, кээде 29 күн болот.
Муфтияттан белгилешкендей, жогоруда көрсөтүлгөн күн Айдын чыгышына карап бир күнгө айырмаланып калышы мүмкүн.