Гиссардан чоң, эки миллион сомдук "Арашан" койлору. Новопокровкада тартылган видео

Куйруктуу койлор десе эле гиссарлар көзгө элестейт. Кыргызстан гиссардан да чоң жана андан өзгөчөлөнгөн "Арашан" деген койлорду каттоого алды. 
Sputnik
Эт жана май багытындагы мындай койлор совет убагынан бери аргындаштырылып келгени менен расмий каттала элек болчу. Ушунун айынан кыйынчылыктар жаралып, акыркы жылдары Койчулардын коомдук бирикмеси менен Айыл чарба министрлигинин илимий кызматкерлери койлорду документтештирүүгө бел байлаган.
Акыры куйруктуу койлор 15-апрелде катталып, "Арашан" деген ат берилди. Sputnik Кыргызстан агенттиги шаардын четиндеги Новопокровка айылындагы чакан фермага барып материал даярдаган.  
Куйруктуу койлор 15-апрелде катталып, "Арашан" деген ат берилди

Сынакта тукуму суроо жараткан койлор

2019-жылы Казакстанда асыл тукум койлордун фестивалы өтүп, анда биринчи орунду кыргызстандык фермер Аблай Михмановдун "Гулливер" аттуу кочкору камсыздаган. Салмагы 188 килограмм, бою бир метр болгон койду ошол жерден 10 миң долларга сураганда ээси бербей койгон эле.
Бирок бул сынакта Гулливердин каттоого алына элек тукуму суроо жараткан. Себеби көргөзмөгө Тажикстан гиссарларын, Казакстан афган гиссарларын алып барган. Ошондуктан Кыргызстандан барган малды жөн гана асыл тукумдуу кой деп атоого аргасыз болушкан. 
Адистин айтымында, бул түр совет убагынан гиссар менен кыргыздын кылчык жүндүү койлорун аргындаштырып отуруп пайда болгон

"Арашан" гиссар менен кылчык жүндүү койдун ортосунан чыккан

Айыл, токой жана суу чарба министрлигинин кыргыз мал чарба жана жайыт илим изилдөө институтунун кой-эчки өстүрүү жана аргындаштыруу бөлүмүнүн башчысы Рахатбек Ибраевдин айтымында, совет убагынан гиссар менен кыргыздын кылчык жүндүү койлорун аргындаштырып отуруп жаңы малдын тукуму пайда болду. 
Айыл, токой жана суу чарба министрлигинин кыргыз мал чарба жана жайыт илим изилдөө институтунун кой-эчки өстүрүү жана аргындаштыруу бөлүмүнүн башчысы Рахатбек Ибраев
"Министрликтин жобосу боюнча тукумду каттоо үчүн бир типте жана стандартка жооп берген 5 миң баш мал болушу керек. Учурда өлкөдө "Арашан" койлорунун 5800дөн ашык башы катталды.  Фермерлердин кайрылуусу менен бир катар изилдөөлөрдү жүргүзүп, башка койлордон айырмасын аныктадык. Булардын тирүүлөй салмагы өтө эле чоң, төшү кенен. Бир жылдык токтулар 90 килограммга, тукум ала турчу чоңдору 200 килограммга жетип жатат. Азыр малдын санынан сапатка өтө турчу мезгил келди. Өлкөдө көптөн бери мындай жетишкендик боло элек болчу", — деди Ибраев.
Министрликтин өкүлү койлорду дүйнөгө таанытуу үчүн Кыргызстанда ири көргөзмө өткөрүп, ага башка мамлекеттин өкүлдөрүн чакыруу пландалып жатканын кошумчалады.
Койчулардын коомдук бирикмесинин башчысы Мирлан Сатыбеков "Арашан" койлорун жайылтуу иштери жүргүзүлүп жатканын айтты. 
Койчулардын коомдук бирикмесинин башчысы Мирлан Сатыбеков
"Каттоодон кийин эл аралык көргөзмөлөргө тоскоолдуксуз катыша алабыз деп турам. Азыр "Арашан" койлору гиссарга атаандаш, жадагалса алардан да чоң болуп жатат. Бир фермердин коюнун салмагы 220 килограмм чыкты, 50 миң долларга бербей жатат. Бул тукумдун козулары эле 300 доллардан өйдө сатылат. Бир короо кылып 500 кой бакканча, мындай тукумдан 100дү баккан пайдалуу эмеспи. Сойсо эттүү, сатса баалуу. Баса, койдун атын "Арашан" деп бекеринен койбодук. Арашан — ысык булак, облустун бардык жеринде бар. Койдун тукумуна дагы арашан сыяктуу таза жана тунук деген сыпаттамалар туура келет", — деди Сатыбеков.
Фермерлердин башын бириктирген Мирлан Сатыбеков учурда "Арашан" койлорунун тукумун көбөйтүү иштери кызуу жүрүп жатканын айтты. Ошол эле учурда короодо кармабай сатып, эт багытында колдонуп жаткандар да бар.
Новопокровкалык фермер Ильшат Габбазовдун бир короо "Арашан" тукумундагы кою бар. Көз арта турчу койлорунун каймана аттары — "Длинный", "Титаник" жана "Красавица" экен. 
Новопокровкалык фермер Ильшат Габбазов
"Длинный" аты айтып тургандай эле узун кой, 170 сантиметрге жетет. Бою бир метрден ашат, үч жашта, салмагы 180 килограмм. Асыл тукум кочкор "Титаник" андан чоң, салмагы 193 килограмм, бою бир метрден ашат. Бул үч жаштагы койду көргөзмөгө даярдап жатам, атайын өзүнчө кармалууда. Ушул экөөнүн ар бири 30 миң долларга (2 миллион сомдон ашык) бааланат, бирок мен сатпайм, тукумун көбөйтүшүбүз керек. Ал эми "Красавица" ургаачы койлордун эң келишимдүүсү", — деди фермер.
Ошондой эле "Арашан" койлорун багам дегендерге кеңештерин бере кетти. 
Габбазовдун бир короо "Арашан" тукумундагы кою бар. Көз арта турчу койлорунун каймана аттары — "Длинный", "Титаник" жана "Красавица"
"Мындай койлорду жайытка алып чыгуу керек. Бирок Чүйдө андай жерлер аз. Анткен менен короодон деле жакшы караса болот. Булар салмакты бат кошорун белгилей кетейин. Жемден арпа, жүгөрү, беде жейт. Бедени арпанын саманы менен аралаштырып беребиз. Жеке тажрыйбамдан дагы бир нерсени бөлүшүп кетейин. Кочкорлорду көргөзмөгө даярдап жатканда семиртишет да. Анан өткөрүлбөгөн жем бергиле демекчимин. Кой өткөрүлгөн жемди көп жейт, анан аш кыла албай өлүп калышы мүмкүн. Майдаланбаган арпа жана жүгөрү көп болсо ичин өткөрөт, бирок кой аман калып атпайбы", — деди Газаров. 
Мирлан Сатыбеков кошумчалагандай, "Арашан" койлорун багам, сатып алам дегендер ал жетектеген Койчулардын коомдук бирикмесине байланышып кеңеш алса болот. Мындан тышкары, фермерлер интернет-сайт ачып, маалыматтар менен бөлүшүүнү пландап жатат.