Баткендеги чек арада абал тынч, адистер иштеп жатат. Сүрөт

ИИМдин маалымат кызматы тажикстандык аскерлер аткылаган айылдарда соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүп, адистер иштеп жаткан жана окуяны чагылдырган сүрөттөрдү таратты.
Sputnik
БИШКЕК, 7-май — Sputnik. 7-майга карата Баткен облусундагы бардык айылдарда жана кыргыз-тажик чек арасында абал тынч. Чек арага жайгашкан айылдар милиция кызматкерлеринин көзөмөлүндө турат. Бул туурасында ИИМдин маалыматы кызматынан кабарлашты.
7-майга карата Баткен облусундагы бардык айылдарда жана кыргыз-тажик чек арасында абал тынч
"Ички иштер органдары менен ички күчтөрдүн аскерлери коопсуздук чараларын күчөтүп, чек арага жакын жайгашкан айылдардын жашоочуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө", — деп билдирди маалымат кызматы.
Өзгөчө көңүл коомдук тартипке, жарандардын коопсуздугуна бөлүнүп жаткандыгы айтылды.
ИИМдин маалымат кызматы тажикстандык аскерлер аткылаган айылдарда соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүп, адистер иштеп жаткан жана окуяны баяндаган сүрөттөрдү таратты. Андан атылган снаряддарды, өрттөлгөн автоунааларды көрүүгө болот.