Эркек киши Олимпиадада аялдар менен күч сынашат

Лаурель Хаббард 12 жыл мурда операция жасатып, жынысын алмаштырган. Ага чейин ал Гэвин деген ысым менен жашап, өз өлкөсүндө эркектер арасында алдыңкы оор атлетчи болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Жаңы зеландиялык оор отлетчи Лаурель Хаббард тарыхта Олимпиада оюндарына катышкан алгачкы трансгендер болуп калганы турат. Бул тууралуу The Guardian жазды.
43 жаштагы спортчу азырынча Жаңы Зеландиянын оор отлетика боюнча кыз-келиндер курама командасына расмий түрдө кабыл алына элек. Бирок Эл аралык олимпиада комитетинин жаңы эрежелерине ылайык, ал аялдар менен күч сынашып калышы толук мүмкүн.
Тарыхта биринчи ирет… Байден өз командасына трансгендерди алмай болду
Лаурель Хаббард  12 жыл мурда операция жасатып, жынысын алмаштырган. Ага чейин ал Гэвин деген ысым менен жашап, өз өлкөсүндө эркектер арасында алдыңкы оор атлетчи болгон.
Коомдук уюмдар анын аялдар арасында күч сынашына каршы болуп келет. Анткени спортчу расмий түрдө аял болгону менен факт жүзүндө дене түзүлүшү жана күчү эркектикиндей деп эсептешет.
Ал буга чейин Самоада өткөн кыз-келиндер мелдешине катышып, эки алтын, бир күмүш утуп алган.