Кыргызстанда астма менен ооруган 20 миң адам диспансердик каттоодо турат. Булардын арасында балдар да бар. Акыркы эки жылда коронавирус оорусуна байланыштуу башка илдеттер экинчи планда калып калды. Андыктан статистикалык маалымат так эмес болуп жатат. Бул тууралуу Токтобүбү Дөөлөтова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, астманы алдын алуу үчүн аллергияны убагында дарылаш керек.
"Негизи астма менен жабыркагандар жылдан-жылга өсүп жатат. Себеби унаалар, өнөр жай мекемелеринен чыккан түтүндөн улам аба булганып, тамак-ашка кошулган ар кандай химиялык заттар аллергиянын жана астманын күчөшүнө алып келет. Астма бул аллергиянын күчөп кеткен формасы десек болот. Үйдөгү чаң, мышык, иттердин жүнү аллергияны чакырат. Мисалы, билинбегени менен үйдөгү чаңдын бир граммында 10 миңден 100 миңге чейин кене болот. Кене бөлүп чыккан зат адам үчүн чоң аллерген. Чөп-чардын чаңы, дары-дармек да астманы чакырат. Алсак, аспирин астмасы деген илдеттин түрү бар. Ал эми түтүн, ыш, нымдуу аба ырайы, стресс, суук, тамеки чегүү жана вирустук инфекциялар астманы күчөтөт. Астмада адам ышкырган сымал дем алып, жөтөлүп, көкүрөк кысылып, алсырап жана аллергия сыяктуу эле ар кандай заттарга реакциялар болот. Мында бейтап дарыгердин кароосунан өтүп, өпкөнүн функциясын изилдөө үчүн спирометрия аппаратынан текшерилет. Бронхиалдык астма өнөкөт оору болгондуктан биротоло айыктырууга мүмкүн эмес. Бирок дарылоо ыкмасы менен ооруну өнүктүрбөй кармап турууга болот", — деди Дөөлөтова.
Пульмонолог астма бронхолитиктер, ингаляциялык глюкокортикоиддер жана спелеотерапия (туздуу шахталар менен дарылоо — ред.), көнүгүүлөр, ийне менен дарыланарын кошумчалады.