Радио

Ашыралиев: дүйнөдөгү күлүктөр үч породадан тараган

Легендарлуу парламенттин депутаты, коомдук ишмер, саяпкер Кемел Ашыралиев дүйнөдө ар кандай породадагы 200дөн ашуун жылкынын түрү бар экенин билдирди.
Sputnik
Дүйнөдөгү күлүктөр түркмөндөрдүн ахалтекин, англиялык таза кандуу порода жана арабдардын аргымактарынан тараган. Бул тууралуу Кемел Ашыралиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, алар жакынга жана ыраакка чуркай тургандар болуп бөлүнөт.
"Аттын баары эле катуу чуркай бербейт. Дүйнөдө күлүктүн үч эле породасы бар. Калгандары ошолорго аргындашып чыккан деп эсептелет. Мисалы, Орлов деген көпөс арабдардын аргымагы менен англиялык таза кандуу жылкыны аргындаштырып "орловский рысак" деген породаны чыгарган. Дүйнөдө 200дөн ашык порода бар. Дүйнөдөгү күлүк деп эсептелгендер түркмөндөрдүн ахалтекини, англиялыктардын таза кандуу жылкысы жана арабдардын аргымагы. Ахалтекиндин бир омурткасы ашык болуп койкоюп турат. Ошондой эле англиялык породанын буту узун, жүрөгү эки эсе чоң жана тамырлары жоон болот. Булар жакын аралыкка чуркайт. Ал эми арабдардын аргымактары кумга чуркап жүрүп көнгөн, алардын бакайы кыска болуп, алыска чуркайт. Эң узун аралыкка күлүктөрдү жарыштырган кыргыздар менен казактар. Аламан байге деп 40 чакырымга чейин чапкан учурлар дагы болгон", — деди Ашыралиев.
Саяпкер жылкылардын айрымдары бийик секиргенге, оор жүк ташыганга, желгенге жана жоргологонго ыңгайлашканын кошумчалады.