БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Баткен облусунда дамба жырылгандыгына байланыштуу 1 500гө жакын тургун эвакуацияланып, учурда кайра үйлөрүнө кайтышты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Кечээ, 6-майда, саат 23:13тө Кадамжай районундагы Өрүкзар айылында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам № 12 дамба 4-5 жеринен жырылып, Кайтмас жана Өрүкзар айылдарына коркунуч жараткан. Мындан улам жергиликтүү тургундар эвакуацияланган.
Болжол менен саат 04:00дө суунун деңгээли төмөндөп, айыл жашоочулары үйлөрүнө кайтышкан. Жеринде 30 куткаруучу иштеп жатат.