Чек ара чырынан жабыркап ооруканага түшкөндөргө ID-карта жасалууда. Сүрөт

Атайын түзүлгөн мобилдик топ ооруканада жаткан Баткендин тургундарын сүрөткө тартып, бланкаларды толтуртуп кайтышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылыштан жабыркап, Бишкектеги Травматология жана илим изилдөө борборунда жаткан 37 бейтапка документ берүү үчүн мобилдик топ барып керектүү маалыматтарды алып кетишти. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.
1 / 3
Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылыштан жабыркап, Бишкектеги Травматология жана илим изилдөө борборунда жаткан 37 бейтапка документ берүү үчүн мобилдик топ барып керектүү маалыматтарды алып кетишти
2 / 3
Жарандарды документтештирүү Мамкаттоонун эсебинен жүргүзүлөт
3 / 3
Бүгүн мобилдик топтун мүчөлөрү ооруканага барып бейтаптарды сүрөткө тартып, бланкаларды толтуртуп кайтышкан. Жакынкы аралыкта аларга ID-карта берилет
Жарандарды документтештирүү Мамкаттоонун эсебинен жүргүзүлөт.
Бүгүн мобилдик топтун мүчөлөрү ооруканага барып бейтаптарды сүрөткө тартып, бланкаларды толтуртуп кайтышкан. Жакынкы аралыкта аларга ID-карта берилет.