COVID: үч бейтап көз жумуп, 385 киши жуктурду. 7-майга карата маалымат

Ооругандар адаттагыдай эле Бишкек шаары менен Чүй облусунан көп табылган. Учурда ооруканада 1 600, амбулатордук дарыланууда 2 465 бейтап жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Кыргызстанда өткөн суткада коронавирус үч кишинин өмүрүн алып, 385 адамга жукса, 348 бейтап айыгып чыкты. Бул туурасында Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Жуктургандар кайдан чыкты:
Өткөн суткада Бишкек шаарында, Чүй облусунда жана Ысык-Көл облусунда үч бейтап көз жумду. Коронавирус алып кеткендердин саны 1 643 адамга жетти.
Айыгып кеткен адамдар:
Расмий маалыматта 2020-жылдын март айынан тарта Кыргызстанда коронавирус инфекциясы менен 90 959 адамдын ооруганы айтылат.
Учурда ооруканада 1 600, амбулатордук дарыланууда 2 465 бейтап жатат.