Радио

Шатманов: өлкөнүн бардык туристтик жайлары бирдиктүү реестрге катталат

Экономика жана финансы министрлигине караштуу Туризм департаментинин директору Самат Шатманов өлкөдөгү бардык туристтик мекемелер бирдиктүү реестр базасына катталып, каалаган адам маалымат алып, байланыш түзө аларын айтты.
Sputnik
Кыргызстандагы мейманкана, альплагер, хостел, туристтик эс алуу жайларынын байланыш номерлерин, шарттарын, бааларын, видео, сүрөт галереясын бир базадан табууга мүмкүнчүлүк ачылды. Ал үчүн tourism.gov.kg веб-сайтына кирүү жетиштүү. Мындай маалыматты Самат Шатманов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, туристтик аймактардын бирдиктүү реестри саякатчыларга да, кызмат көрсөткөндөргө да коопсуздукту камсыздайт. Тагыраак айтканда, аралыктан брондоп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эс алуучу жай тууралуу кенен маалымат алуу мүмкүнчүлүгү жаралат.
"Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүгүү программасынын алкагында өлкөнүн төрт облусунда Кыргызстанды таанытуу, эл аралык деңгээлге алып чыгуу, жаңы тенденцияларды колдонуу боюнча пилоттук окутуу иштери жүрүп жатат. Дүйнөлүк booking.com отелдерди онлайн-брондоо системасы, тейлөөнү жакшыртуу боюнча да каалоочуларга үйрөтүп жатабыз. Ал эми https://tourism.gov.kg сайтында өлкөдөгү бардык туристтик мекемелер бирдиктүү реестр базасына катталып, каалаган адам маалымат алып, байланыш түзө алат. Порталда мейманкана, альплагер, хостел, туристтик эс алуучу жайлардын байланыш номерлерин, шарттарын, бааларын, видео, сүрөт галереясын бир базадан табуу мүмкүн", — деди Шатманов.
Ошондой эле жетекчи пандемияга байланыштуу ички туризмге көңүл буруп, анын артыкчылыктуу багыттарын кароо зарылдыгын кошумчалады.