Женевадагы мекендештер чек ара жаңжалы боюнча эл аралык уюмдарга кайрылды. Видео

Ушундай эле максат менен буга чейин Германияда жана АКШда жашаган кыргызстандыктар тынчтык митингине чыгышкан. Алар дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн Тажикстандын Кыргызстанга жасаган аскердик агрессиясына буруп, адилеттүү иликтенишин талап кылууда.
Sputnik
БИШКЕК, 6-май. — Sputnik. Швейцариянын Женева шаарында жашаган кыргызстандыктар БУУ имаратынын алдына чогулуп, эл аралык коомчулукту кыргыз-тажик конфликтине көнүл бурууга чакырды. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучуларынын бири, Булан институтунун директору Чолпон Орозобекова кабарлады.
"Бириккен Улуттар Уюму, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму, Европа биримдиги баш болгон уюмдарды эки мамлекеттин ортосундагы маселелердин тынчтык жолу менен чечилишине салым кошууну, жабырланган жарандарга колдоо көрсөтүү жана Тажикстандын биздин жай тургундарга оор куралдардын пайдаланышын иликтеп чыгууну талап кылдык. Кагылышуунун хронологиясын тизип чыгуу өтүнүчү менен да кайрылдык. Эң башкысы, Тажикстан менен Кыргызстандын ортосундагы суу жана чек ара маселелери тынчтык жолу, дипломатиялык сүйлөшүүлөр аркылуу гана чечилиши керек", — деди Орозобекова.
Садыр Жапаров Баткенге барды
Ушундай эле максат менен буга чейин Германияда жана АКШда жашаган кыргызстандыктар тынчтык митингине чыгышкан. Алар дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн Тажикстандын Кыргызстанга жасаган аскердик агрессиясына буруп, адилеттүү иликтелишин талап кылууда.
Эске салсак, адам өлүмүнө алып келген Баткендеги кандуу кагылышуу 28-апрель күнү кечинде башталып, ок атылып, калаба 2-3 күнгө созулуп кеткен. Анын кесепетинен 36 кыргызстандык жаран көз жумду. Алардын үчөө аскерлер, экөө — 13 жаштагы өспүрүм кыз менен төрт жаштагы эркек бала, ал эми калган 31 адам жергиликтүү калк жана башка аймактардан элге жардам беребиз деп келген кыргызстандыктар болду. 150гө чукул киши октон, таштан жаракат алып ооруканага түшкөн.