Садыр Жапаров Баткенге барды

Президент кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы окуяларда жабыркаган айылдардын тургундары менен жолугушат.
Sputnik
БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров иш сапары менен Баткенге барды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Чек ара жаңжалынан жабыркаган айылдарда аткарыла турган иштердин тизмеси
Адам өлүмүнө алып келген Баткендеги кандуу кагылышуу 28-апрель күнү кечинде башталып, ок атылып, калаба 2-3 күнгө созулуп кеткен. Анын кесепетинен 36 кыргызстандык жаран көз жумду. Алардын үчөө аскерлер, экөө — 13 жаштагы өспүрүм кыз менен төрт жаштагы эркек бала, ал эми калган 31 адам жергиликтүү калк жана башка аймактардан элге жардам беребиз деп келген кыргызстандыктар болду. 150гө чукул киши октон, таштан жаракат алып ооруканага түшкөн.