Марипов: министрлер кабинети өзгөчө кырдаал абалында күнү-түнү иштейт

Марипов коронавируска каршы күрөшүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, элди эмдөө боюнча ишти жайылтуу зарылдыгын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Өкмөт эми өзгөчө кырдаал абалында күнү-түнү иштейт деди министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов алгачкы кеңешмесин өткөрүп жатып. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
1 / 5
Өкмөт эми өзгөчө кырдаал абалында күнү-түнү иштейт деди министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов алгачкы кеңешмесин өткөрүп жатып
2 / 5
Президент министрлер кабинетине аткарылышы керек болгон антикризистик бир нече тапшырма берди
3 / 5
Биринчи иретте бизнести жүргүзүү шарттарын жакшыртуу керек
4 / 5
Бул максатта Инвестицияны жылдыруу жана коргоо боюнча министрлик түзүлгөн
5 / 5
Ал коронавируска каршы күрөшүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, элди эмдөө боюнча ишти жайылтуу зарылдыгын айткан.
"Президент министрлер кабинетине аткарылышы керек болгон антикризистик бир нече тапшырма берди. Биринчи иретте бизнести жүргүзүү шарттарын жакшыртуу керек. Бул максатта Инвестицияны жылдыруу жана коргоо боюнча министрлик түзүлгөн. Аны менен катар эле сот реформасын жүргүзүү менен жеке мүлктү сактоо жана третейлик сотту өнүктүрүү милдети турат. Тышкы соода менен экспорттук мүмкүнчүлүктү кеңейтүү маселеси да бар. Бул жана бир катар башка маанилүү тапшырмаларды аткарышыбыз керек, алар элдин турмушун жакшыртууга багытталган. Андыктан өзгөчө кырдаал абалында күнү-түнү иштейбиз", — деген Марипов.
Ал коронавируска каршы күрөшүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, элди эмдөө боюнча ишти жайылтуу зарылдыгын айткан.