320 киши вирус жугузуп, үч байтап көз жумду. COVID статистикасы

Ооругандар негизинен Бишкек шаары менен Чүй облусунда болуп жаткандыктан, бул эки аймак учурда "кызыл зонада" турат.
Sputnik
БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Бир сутка ичинде Кыргызстанда 320 кишиден коронавирус табылып, 217 бейтап айыккан. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
Ушуну менен өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 97 278ге жетти.
Айыккандар:
Оору илештиргендердин ичинен 90 611и дартты жеңген.
Тилекке каршы, өткөн суткада коронавирустан Бишкекте үч бейтап каза тапты. Ушуну менен аталган дарттан көз жумгандардын саны 1 640ка жетти.
Азыркы учурда ооруканаларда 1 601 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 408 бейтаптын абалы оор болсо, 69 кишинин абалы өтө оор деп бааланууда.