ИИМ: кыргыз-тажик чек арасында абал тынч

Чек арага жакын жайгашкан айылдар аскер кызматкерлери, милиция жана башка күч органдарынын көзөмөлүндө.
Sputnik
БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Баткен облусунда жана бардык райондордо, ошондой эле кыргыз-тажик чек арасында абал тынч. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, чек арага жакын жайгашкан айылдар аскер кызматкерлери, милиция жана башка күч органдарынын көзөмөлүндө. Алар жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.
Тергөө кызматынын өкүлдөрү чек ара жаңжалынан жабыркаган социалдык жана башка объектилер боюнча иликтөө иштерин жүргүзүп жатканы айтылды.
Күч органдары күчөтүлгөн тартипте иштеп жатканы кошумчаланды.