Кыргыз-тажик чек арасындагы тилкелер кайсы картанын негизинде такталары айтылды

Министрлер кабинетинен эки өлкөнүн топографиялык жумушчу тобу аныкташы керек болгон чек ара жайларын айтып беришти.
Sputnik
БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Кыргызстандын министрлер кабинети Тажикстан менен чектеш аймактардын чек ара линиясынын долбоору кайсы карта менен аныктала турганын кабарлады.
Кыргызстан менен Тажикстан биргеликте Ворухка жол курат. Аны Тажикстан колдонот
Муну менен катар 17-майга чейин топографиялык иштер менен кыргыз-тажик чек ара линиясын аныктоо иштери Лейлек районундагы Максат, Кулунду айылдарында, Баткен районундагы Көк-Терек, Көк-Таш, Ак-Сай айылдарында, мындан сырткары, коңшу өлкөнүн Бабаджан Гафуров районундагы Овчи Калача айылында, Согди облусуна караштуу Чоркух, Сомониён, Ходжаи Аъло айылдарында жана Исфара шаарында жүргүзүлөт.
Мындай макулдашууга чек арадагы кырдаалдан кийин өкмөттүк комиссиялардын Баткен облусундагы жолугушуусунда келишкен.