БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Англиянын "Челси" футбол клубу жарым финалда испаниялык "Реал Мадридди" утуп, Чемпиондор лигасы мелдешинин финалына чыкты. Бул тууралуу УЕФАнын расмий сайты жазды.
Жооптук беттеште лондондуктар падышалык клубду 2:0 эсебинде утту. Оюндун 28-мүнөтүндө Тимо Вернер эсепти ачса, 85-мүнөттө Мэйсон Маунт гол киргизип, жеңишти камсыздады. Мадрид шаарында өткөн биринчи оюн 1:1 менен аяктаган болчу.
"Челсинин" жарым коргоочусу Н'Голо Канте беттештин мыкты оюнчусу деп табылды.
Лондондуктардын башкы насаатчысы Томас Тухель "Реал" Чемпиондор лигасында алты жолу беттешип, бир да жолу жеңилбеген жалгыз машыктыруучу болуп саналат. Төрт жолу утуп, эки ирет тең чыккан.
"Челси" Европадагы клубдар арасындагы эң абройлуу мелдештин финалында дагы бир англиялык "Манчестер Сити" клубу менен кездешет. Чемпионду аныктаган оюн 29-майда Түркиянын Стамбул шаарында өтөт.
Эскерте кетсек, УЕФАнын Чемпиондор лигасы мелдешин өткөн жылы Германиянын "Бавария" клубу уткан.