Бишкекте "Өлбөс полк" жүрүшү өзгөчө форматта өтө баштады

Быйыл Бишкекте "Өлбөс полк" жүрүшүнө уруксат берилген эмес. Буга эпидемиологиялык абалдын катаалдыгы себеп болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Быйыл "Өлбөс полк" жүрүшү өзгөчө форматта өткөрүлүүдө, тагыраагы, ардагерлердин сүрөттөрү LED-экрандарга жайгаштырылды. Бул тууралуу Sputnik агенттигине иш-чаранын координатору Зульфира Хайбуллина билдирди.
Уюштуруучунун айтымында, сүрөттөр Чыңгыз Айматов проспектиндеги (өкмөттүк трасса) көпүрөнүн үстүндөгү экранга жайгаштырылды. Аны рекламалык агенттиктердин бири Улуу Жеңиш майрамына карата шаар тургундарына белек катары берди.
"Өлбөс полк онлайн" акциясына катышууга дагы 800 миңден ашык киши арыз берди
Сүрөттөр www.moypolk.ru сайтындагы аймактык уюштуруучулардын баракчасынан алынды.
Ардагерлердин сүрөттөрү улам кошулуп отуруп, трансляция майрам аяктаганга чейин жүргүзүлөт.
Эске салсак, быйыл Бишкекте "Өлбөс полк" жүрүшүнө уруксат берилген эмес. Буга эпидемиологиялык абалдын катаалдыгы себеп экенин борбор калаанын башкы санитардык дарыгери Кубан Кундашев билдирген.