Радио

Джапаров: жаңы үлгүдөгү паспортко арыздар кабыл алына баштады

"Инфоком" мамлекеттик ишканасынын административдик суроолор боюнча директорунун орун басары Азамат Джапаров 3-майдан тарта өлкөнүн Калкты тейлөө борборлорунда жаңы үлгүдөгү жалпы жарандык биометрикалык паспортко арыздар кабыл алына баштаганын айтты.
Sputnik
Документти текшерүү жана персоналдаштыруу мөөнөтү 18 жумушчу күндө аткарылат. Бул тууралуу Азамат Джапаров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жаңы үлгүдөгү паспорттун алгачкы бетинде электрондук чип орнотулуп, жарандар чет өлкөгө чыгып жаткан учурда бажы көзөмөлүнөн кыйынчылыксыз өтө алышат.
"3-майдан баштап өлкөнүн бардык Калкты тейлөө борборлорунда жана паспорт бөлүмдөрүндө жаңы үлгүдөгү жалпы жарандык биометрикалык паспортко арыздар кабыл алына баштады. Анда 30дан ашык коргоо элементи камтылган. Арыз тапшыргандар 18 иш күнүнөн соң колуна документти ала башташат. Паспорттун артыкчылыгы биометрикалык болгонунда жана ар бир бетинде Кыргызстандын тарыхый жерлери, архитектуралык эстеликтери түшүрүлгөн. Алгачкы бетинде электрондук чип орнотулуп, жарандар чет өлкөгө чыгып жаткан учурда бажы көзөмөлүнөн кыйынчылыксыз өтө алышат. Мындан сырткары, атасынын аты жарандын каалоосу менен кошулат", — деди Джапаров.
Ошондой эле адис биометрикалык чет өлкөгө чыгуучу 34 барактуу паспорттун баасы 857 сом, 50 барактуусу 920 сомдон берилерин кошумчалады.