Кыргызстандыктар эки күн жабыла учкан топ жылдызды көрө алат

Кыргызстандыктар экинчи жолу жаздагы жылдыз учкан көрүнүшкө күбө боло алышат. Бул ирет аба ырайы да тоскоолдук жаратпайт.
Sputnik
БИШКЕК, 5-май — Sputnik. 5-майдан 7-майга чейин эта-Аквариддер (Май Аквариддери) метеордук агымынын активдүүлүгү туу чокусуна жетет. Бул тууралуу Москва планетарийи кабарлады.
Галактиканын укмуштуудай көрүнүшү. Октябрда космостон алынган мыкты сүрөттөр
Жабыла учкан топ жылдызды көрүү үчүн аба ырайы ыңгайлуу болот. Эртеси күнү өлкөнүн түштүк аймактарындагы айрым райондордо жаан жаашы мүмкүн. Ал эми 7-майда республиканын дээрлик бардык аймактарында жаан жаайт.