Садагам кызым, периштем... Мадинаны жоктоп кан жуткан ата-эненин күйүтү

13 жаштагы Мадина Рахматжанова тажик аскерлеринин огунан көз жумду. Каргашалуу окуя 29-апрель күнү Лейлек районунун Интернационал айылында болгон.
Sputnik
Сөөгү жерге берилген Мадинанын 3-май күнү тажиясы өткөрүлдү.
Тажик аскерлери Интернационал айылына ок жаадырып жаткан маалда Мадина апасы Наргүл, сиңдиси Нурдиана менен эле. Алар коопсуз жай издеп, көчөдө качып бараткан.
Түнү бою сабап, суу да бербей кыйнады. Барымтадан чыккан баткендиктердин видеомаеги
Маркум кыздын жүк ташуучу унаа айдап иштеген атасы Наимжан Абдуллов окуя болгон учурда жумушта жүргөнүн айтып берди. Бул маалда жубайы Наргүл эки кызын кийинтип, үйдөн чыга качып жөнөгөндө миномет жарылып, улуу кызы Мадина жерге кулаган.
Ок эне-бала турган тарапты көздөй атылгандыктан ал кичүү кызын көтөрүп, бирок Мадина жаткан тарапка өтө алган эмес.
Октон жаракат алган эне менен эки кызды Исфана шаарындагы ооруканага алып кетишкен, бирок Мадина жолдо каза болгон.
Каргашалуу окуянын эртеси, 30-апрель күнү, ооруканадагы эне менен кызды дарыгерлер учак менен Бишкектеги Травматология жана ортопедия борборуна жөнөткөн.
Баткенден эвакуациялангандардын так саны белгилүү болду
Абдуллов маркум кызынын сөөгүн моргдон алып келип, Лейлек районунун Бешкент айыл өкмөтүндөгү Эски-Оочу айылында жерге берген.
Ок Мадинанын апасы Наргүл Хамдамованын денесинин арка жагына тийген. Бутунун эки жеринде да жарааты бар, ок бутунун булчуң эттеринин арасында калып калган.
Мадина ата-энесинин үч уулдан кийинки кызы эле...