Индияда жырткыч жаныбарлардан коронавирус табылды

Зоопарктын ветеринарлары апрелдин соңунда арстандардан табитинин жоголушу, мурдунан суунун агышы жана жөтөл сыяктуу симптомдорду байкашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 5-май – Sputnik. Индияда биринчи жолу жырткыч жаныбарлардан коронавирус табылды. Илдет Хайдарабад шаарындагы зоопаркта жашаган сегиз арстандан аныкталган. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Крематорий жетишпей көчөдө өрттөлгөн сөөктөр. Индиядагы COVID апааты сүрөттө
Азыркы тапта Индияда коронавирус күч алып, оору көп жуктургандар боюнча дүйнөдө экинчи орунга чыкты. Жалпы жонунан Индияда 20,2 миллиондон көп киши илдет илештирип, анын 16,6 миллиону айыккан. Коронавирус 222 миң кишинин өмүрүн алган.