Президент Жапаров Катардын эмири менен сүйлөштү. Козголгон маселелер

Мамлекет башчылары кыргыз-катар кызматташуусунун актуалдуу маселелерин жана аны бардык чөйрөдө өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.
Sputnik
БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Катар мамлекетинин эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Тани менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Сүйлөшүүдө мамлекет башчылары кыргыз-катар эки тараптуу кызматташуусунун актуалдуу маселелерин жана аны бардык чөйрөдө өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.
"Жогорку деңгээлдеги өз ара иш сапарларын уюштуруу, экономикалык жана техникалык кызматташуу боюнча кыргыз-катар өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйынын өткөрүү, ири инвестициялык долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу сыяктуу маселелер көтөрүлдү", — деп айылат маалыматта.
Ошондой эле тараптар эл аралык жана регионалдык айдыңдагы актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашты.
Жапаров Катардын эмирине кыргыз элине колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыгын билдирип, Орозо айт майрамы менен куттуктады.