БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Нью-Йоркто жашаган кыргызстандыктар Бириккен Улуттар Уюмунун штаб-квартирасынын жанында тынчтык митингин өткөрүштү.
Акциянын видеосу Sputnik агенттигине түштү. Кадрлар Twitter тармагындагы кыргызстандык колдонуучулардын баракчаларына дагы жарыяланды.
БУУнун кеңсесинин алдына 20дай адам келген. Алар дүйнөлүк коомчулукту Тажикстандын Кыргызстанга жасаган аскердик агрессиясын токтотууга чакырышкан.
Мекендештер "Tajikistan Stop Attacking Kyrgyzstan!" (Тажикстан, Кыргызстанга кол салууңду токтот!), "Tajikistan stop killing civilians in Batken!" (Тажикстан Кыргызстандын жарандарын өлтүргөнүңдү токтот!), "Stop tajik occupation" (Тажик оккупациясын токтоткула) жана "Stop tajik agression" (Тажикстандын аскердик агрессиясын токтоткула) деген плакаттарды көтөрүп чыгышты.