Нефтетрейдерлер: май айында бензин дагы эки сомго кымбатташы мүмкүн

Ассоциация өкүлдөрү дүйнөдө мунайга болгон баанын өскөнү байкалганын, ал арада Россия Кыргызстанга арзан баада берерин белгилешти.
Sputnik
БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Май айында Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы төрт пайызга (эки сомго) кымбаттайт. Бул тууралуу өлкөнүн Нефтетрейдерлер ассоциациясынын директору Канат Эшатов билдирди.
Анын айтымында, мунайдын баасы дүйнө жүзүндө жогорулап жатканы байкалууда. 2-майга карата алынган маалыматка ылайык, Brent маркасынын баррели 66,82 долларды түзүүдө.
Эшатов Россиянын мунай базарында да дүң наркы өсүп жатканы байкалганын билдирди.
"Май айында Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы төрт пайызга (эки сомго) кымбатташы мүмкүн. Ошол эле учурда мунай сатуучу компаниялар баанын өсүшүн текшилөө жана кескин кымбаттоосуна жол бербөөгө ниеттенип жатышат", — деген ал.
Улуттук банк пайда көрүү үчүн чет элдик валюта сатып алчуларга кеңеш берди
Ал кошумчалагандай, күйүүчү май Россиядан экспорттук пошлинасыз, башкача айтканда, дүйнөлүк баадан арзандатылган наркта алынат.
Ушул жылдын төрт айындагы пошлинадан үнөмдөлгөн каражат 6,2 миллион долларды түзөт. Эшатов бир да өлкө Кыргызстанга мындай ыңгайлуу баа менен мунай бербей турганын белгиледи.
Бүгүн АИ-92 маркасындагы бензиндин баасы 48,5 сом, ал эми АИ-95 — 50,5 сом жана дизель 44,5 сомдон сатылууда.