БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Уурдалып, андан кийин өлтүрүлгөн Айзада Канатбекова зордукталган. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат кызматы кабарлады.
Өткөн жумада милиция Замирбек Теңизбаевге Жазык кодексинин 175-беренеси ("Адамды никеге туруу максатында уурдоо") менен иш козгоп, кийин 170-беренеге ("Адам уурдоо") өзгөртүп, андан соң 130-берене ("Киши өлтүрүү") кошулганын билдирген. Шектүү көз жумганына байланыштуу кылмыш иштери токтотулганын да кошумчалашкан.
Бирок Канатбекованын жакындарынын адвокаты Нурбек Токтакунов соттук-медициналык экспертизада ал киши колдуу болгонго чейин зордукталганы аныкталганын айтып чыкты. Шаардык милиция Теңизбаевге бүгүн 161-берене ("Зордуктоо") кошулганын тастыктады.
Учурда Айзаданы уурдоого шектелип төрт киши камакта. Алардын иши "Адамды никеге туруу максатында уурдоо" беренесинен "Адам уурдоо" беренесине кайрадан квалификацияланган.
Тергөө иши жыйынтыкталып, Биринчи май райондук сотуна жиберилген.
Учурда УКМК милиция кызматкерлерине карата "Шалаакылык" беренеси менен тергөө ишин жүргүзүп жатат.
Айзаданын өлүмү
5-апрель күнү эртең менен саат 07:00дөр чамасында Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинен үч жаран 27 жаштагы кызды кызыл түстөгү автоунаага салып кеткен. Кыздын туугандары ошол эле күнү издеп баштап, Биринчи май райондук милицияга саат 07:30да кабарлашкан. Бирок издөө иштери кечеңдеп жатканына нааразы болуп, эртеси ЖМКларга кайрылышкан.
7-апрелде изделип жаткан автоунаа Бишкектин чет жагындагы Арашан менен Чокморов айылдарынын ортосунан табылган. Ал тууралуу милицияга жергиликтүү чабан кабар берген.
Автоунаанын ичинен киши колдуу болгон Айзада Канатбекованын жана 36 жаштагы кишинин бычакталган сөөгү табылган. Кызды ала качууга катыштыгы бар делип төрт шектүү кармалган.
Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча кызматтык иликтөөнүн натыйжасында Бишкек ШИИБдин жана Биринчи май райондук милициясынын начальниктери баш болгон бир катар жетекчилер кызматтан алынган.