Кыргызстандын атынан беделдүү сулуулук сынагына Разия Мансурова катышат. Сүрөт

Miss Intercontinental сынагы 1971-жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келет. Жеңүүчүгө 361 446 долларлык Oriental Holy Water деген таажы кийгизилет.
Sputnik
БИШКЕК, 4-май. — Sputnik. Miss Intercontinental (Интерконтиненталь сулуусу) эл аралык сынагына Кыргызстандын атынан моделдик кесипти эмитен аркалай баштаган Разия Мансурова барат. Бул тууралуу "Кыргызстан сулуусу" улуттук сынагынын дирекциясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, бийкечти аталган сынакка катыштыруу чечимин "Кыргызстан сулуусу" улуттук сынагынын дирекциясы кабыл алып, ага "Интерконтиненталь сулуусу — 2020/21" наамын ыйгарган.
24 жаштагы Разия Швейцариядагы Люцерн университетин аяктаган. Англис жана немец тилдеринде эркин сүйлөйт. 2009-жылы Almaty Management University университетинде маркетинг боюнча бакалавриатты аяктаган.
Быйылкы сулуулук жарышына 60 мамлекеттен келген бийкечтер ат салышат. Конкурс качан жана каерде өтөрү белгисиз.
Miss Intercontinental сынагы 1971-жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келет. Жеңүүчүгө 361 446 долларлык Oriental Holy Water деген таажы кийгизилет.