Чүйдөгү балдар үйүнөн качып кеткен өспүрүм изделүүдө. Сүрөт

Өспүрүм буга чейин бир нече жолу балдар үйүнөн качкан. Акыркы ирет ал 2020-жылдын декабрь айында табылып балдар үйүнүн өкүлдөрүнө берилген.
Sputnik
БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Дайынсыз болуп жаткан Вадим Колесник изделип жатат. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББден билдиришти.
Дайынсыз болуп жаткан Вадим Колесник изделип жатат
Баланын бою 145 сантиметр, арыкчырай, чачы кара, кой көздүү.
"Дайынсыз жоголгон 2006-жылкы Колесник Вадим Александрович изделип жатат. Ал 31-март күнү Военно-Антоновкада жайгашкан балдар үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес", — дешти ИИБден.
Милициянын маалыматына караганда, өспүрүм буга чейин бир нече жолу балдар үйүнөн качкан. Акыркы ирет ал 2020-жылдын декабрь айында табылып балдар үйүнүн өкүлдөрүнө берилген.
"Өспүрүм Бишкекте кайырчылык кылып жүрөт деген маалыматтар бар", — дешти ИИББден.
Баланы көргөн-билгендер болсо төмөнкү номерлер аркылуу кабарласа болот: