Коронавирус 8 кишинин өмүрүн алды, 224 адам оору жуктурду. Соңку маалымат

Көз жумган сегиз кишинин алтоо Бишкекте, ал эми экөө Ысык-Көлдө дарыланып жаткан. Коронавирус жалпы 1 630 адамдын өмүрүн алды.
Sputnik
БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Кыргызстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясынан сегиз адам көз жумуп, 224 киши жуктуруп, ошондой эле 225 адам сакайды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
Пандемиядан бери расмий түрдө 96 561 кишиден оору чыкты.
Айыккандар:
Ушуну менен айыккандардын саны 90 146га жетти.
Көз жумган сегиз кишинин алтоо Бишкекте, ал эми экөө Ысык-Көлдө дарыланып жаткан. Коронавирус жалпы 1630 адамдын өмүрүн алды.
Учурда республика боюнча стационарларда 1 503, ал эми амбулатордук дарыланууда 2 295 бейтап бар.