Бишкекте ысык суу качан өчүрүлөрү айтылды

Ар жыл сайын жылуулук тармагын оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу ысык суу бир айга өчүрүлүп келет.
Sputnik
БИШКЕК, 4-май. — Sputnik. Бишкекте ысык сууну орозо бүткөндөн кийин өчүрүү пландалып жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Так убактысы бекитиле элек, кошумча маалымат берилери убадаланды.
Жылуулук тармагын оңдоп-түзөө жана профилактикалык иштерди жүргүзүүгө байланыштуу жыл сайын ысык суу бир айга өчүрүлүп келет. Өткөн жылы 1-июндан тарта өчүрүлгөн.
Ушул жылы Рамазан айы 12-майда же 13-майда аяктап, Орозо айт болот.