Бат бузулчу азык-түлүк алып келбегиле! ӨКМдин гумжардам тууралуу маалыматы

Кыргызстандыктар бир нече күндөн бери Баткендеги кыргыз-тажик жаңжалында жабыркаган мекендештер үчүн гуманитардык жардам чогултуп жатат. Анын канчасы Баткенге жөнөтүлүп, кантип бөлүштүрүлүп жатканынан кабар алдык.
Sputnik
Баткендеги жаңжалда жабыркаган жарандарга кыргызстандыктар бир нече күн ичинде жарым миллион тоннадан ашык кийим-кечек, азык-түлүк жана зарыл буюмдарды чогултушту.
Алар кантип камдалып, дарегине кантип жетип жаткандыгын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов түшүндүрдү. Маалыматтар 4-май саат 13.00гө карата берилди.

Канча гуманитардык жардам чогулду?

Кыргыз өкмөтү "Баткенге көмөк" штабын ачып, каалоочулар колдон келген жардамын берип жатат. Учурда чогулган жүктүн болжолдуу салмагы — 573 миң тоннага жетти. Анын ичинен 515 миңи Баткенге жөнөтүлдү. Калганы кампада кармалып турат. Мындан тышкары, жер-жерлерде ыктыярчылар өз алдынча 350 тонна камдап, түз эле Баткенге жибергени айтылды.
ӨКМ чогулган гуманитардык жардам акчалай канчага бааланганынан маалымат берди:
Ал эми Бишкек шаары боюнча маалымат айтылган жок.

Атайын эсепке канча сом чогулду?

Штабдан тышкары акчалай каражат чогултуу үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын банктык эсеби ачылган. Ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашкандай, учурда ага 1 миллион 164 миң сом түштү.

Жүктү ким жеткирип жатат?

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамыркановдун айтымында, гуманитардык жардамды жерине жеткирүү боюнча көйгөй жок. ӨКМдин 16 атайын техникасынан тышкары ишкерлер жана жеке жарандар өздөрүнүн жүк ташуучу автоунаалары менен ташууда.

Кимдер чогултуп жана бөлүштүрүп жатат?

Баткенге өзгөчө макам берүү: кандай артыкчылык каралган

Чогултуу иштери менен "Баткенге көмөк" штабы алектенүүдө. Штаб Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында жайгашкан. Мындан сырткары, каалоочулар, гуманитардык жардамды Бишкек шаарындагы төрт райондук администрация имаратына жеткирсе болот.

Шамыркановдун айтымында, ӨКМ чогулган нерселерди жүктөө, жеткирүү жана түшүрүп берүү иштери менен алектенет. Жеринен аны жергиликтүү бийлик түзгөн комиссия кабыл алат. Ал өзүн-өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрүнөн, жергиликтүү тургундардан жана ыктыярчылардан түзүлөт.
"Гуманитардык жардамды бөлүштүрүүнүн өзүнүн ыкмасы бар. Негизи эле Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жардам бөлүштүрүү боюнча атайын бөлүмү иштейт. Анын адистери адамдын, карылардын жана балдардын санын тактап туруп, атайын эреже менен бөлүштүрүп берет", — деди министрдин орун басары.
Ошондой эге гуманитардык жардам боюнча иштеп жаткандардын 70 пайызы ыктыярчылар экени кошумчаланды.

Шылуундардан сак болгула!

ӨКМден кабарлашкандай, азыркыдай кыйчалыш учурда өз пайдасын издеп, абалдан колдонуп кеткиси келген шылуундар пайда болот.
"Мурда элден өз алдынча чогултулган гуманитардык жардам дарегине жетпей калган учурлар болгон. Азыр базарларда, дүкөндөрдүн алдында тургандарды көрүп жатабыз. Бирок алар биздин каттоодон өткөн эмес. Андыктан гуманитардык жардамды кабыл алуу боюнча расмий пунктуларга кайрылууну сунуштайбыз. Биз аркылуу өткөн жардам жабырлануучуларга жетерине толук кепилдик бар", — деди Шамырканов.

Тез бузулчу тамак-аш алып келбегиле

Аба ырайы ысып кеткендиктен, ӨКМ баткендик мекендештерге жардам бергиси келгендерди тез бузулуп кетчү тамак-аш алып келбөөгө чакырат. Анын ордуна көпкө кармалчу жана сактоодо өзгөчө шартты талап кылбаган азык-түлүктөрдү алып келүү туура болот. 

Баткен чек арасындагы кандуу кагылыш

УКМК Тажикстанга Баткен аркылуу бензин ташылууда деген маалыматты четке какты

Адам өлүмүнө алып келген Баткендеги кандуу кагылышуу 28-апрель күнү кечинде башталып, ок атылып, калаба 2-3 күнгө созулуп кетти. Анын кесепетинен 36 кыргызстандык жаран көз жумду. Алардын үчөө аскерлер, экөө — 13 жаштагы өспүрүм кыз менен төрт жаштагы эркек бала, ал эми калган 31 адам жергиликтүү калк жана башка аймактардан элге жардам беребиз деп келген кыргызстандыктар болду. 150гө чукул киши октон, таштан жаракат алып ооруканага түштү.

40 миңден ашык адам эвакуацияланып, жанын арачалап турак жайын таштап кетүүгө аргасыз болду. Кол салуунун кесепетинен 170тен ашуун турак жай, медициналык жана билим берүү мекемелеринин имараттары, инфраструктура объектилери жана жарандардын мүлктөрү күйүп жок болду.