Бишкектик бөбөктөр Баткенге чогулткан акчасын жөнөттү. Сүрөт

Баткендеги кандуу кагылышуудан үй-жайсыз калган жергиликтүү тургундарга республиканын булуң-бурчунан жардам жөнөтүлүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Бишкектик эки бала чек арада жабыркагандарга акча жыйнаган кутусун беришти. Бул тууралуу өкмөттүн Баткендеги өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
1 / 2
Бишкектик эки бала чек арада жабыркагандарга акча жыйнаган кутусун беришти
2 / 2
Маалыматка караганда, кутуча Бишкектен Баткенге гумжардам менен кошо келген. Жүк ташуучу унаанын айдоочусу өкүлчүлүктүн комиссиясына өткөрүп берген
Маалыматка караганда, кутуча Бишкектен Баткенге гумжардам менен кошо келген. Жүк ташуучу унаанын айдоочусу өкүлчүлүктүн комиссиясына өткөрүп берген.
Балдар 3 215 сом топтогон, каражат атайын эсепке которулду. Аймактын бийлиги чек арада жашаган мекендештерге жардам берген балдарга ыраазычылык билдирди.
Баткенге өзгөчө макам берүү: кандай артыкчылык каралган
Жыйнаган акчасын гумжардам менен кошо берип жиберген балдар тууралуу маалымат айтылган жок.
Эскерте кетсек, Баткендеги кандуу кагылышуудан үй-жайсыз калган жергиликтүү тургундарга республиканын булуң-бурчунан жардам жөнөтүлүп жатат.
Акыркы маалымат боюнча, чек ара чырынан жалпы 189 киши жабыркап, анын 36сы каза болду. Көз жумгандардын арасында 13 жаштагы кыз менен 5 жаштагы бөбөк бар.