Балбан кыз Нураида Анаркулова лицензиялык турнирге катышат

Буга чейин балбан кыздардан Токио Олимпиадасына лицензияны Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы жана Мээрим Жуманазарова алган.
Sputnik
БИШКЕК, 4-май. — Sputnik. Кыз-келиндер күрөшү боюнча Азиянын коло медаль ээси Нураида Анаркулова Олимпиадага жолдомо бере турчу турнирге катышат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады.
Ага ылайык, Анаркулова 5-10-май күндөрү София шаарында (Болгария) лицензиялык дүйнө мелдешине барат. Спортчуну башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков коштоп барат.
Анаркулова 2017-жылы Азия чемпионатында вице-чемпион болгон. 2019-жылы 23 жашка чейинки спортчулар арасындагы Азия чемпионатында күмүш медаль, жаштар арасында Азия чемпионатында дагы күмүш байге, ошол эле жылы жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында коло медаль тагынган. Россияда өткөн ачык кубокто алтын медаль тагынган. 2021-жылы Азия чемпионатынан үчүнчү орунду алды.
Буга чейин балбан кыздардан Токио Олимпиадасына лицензияны Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы жана Мээрим Жуманазарова алган.
Фехтование боюнча спортчу Роман Петров Олимпиада оюндарына жолдомо алды
Мелдеш 2021-жылдын 23-июлунан 8-августуна чейин өтөрү пландалган. Япониянын борборунда жай айында өтүүчү оюндар чет элдик көрөрмансыз өтөт. Ага 200дөн ашуун мамлекеттин спортчулары катышары күтүлүп жатат. Өлкө куржунунда азыр 12 лицензия бар.
Sputnik кыргызстандык спортчулардын маанилүү мелдешке даярдыгы жана Олимпиадада медаль алуу мүмкүнчүлүгү тууралуу материал даярдаган.