Аллергия менен күрөшүүнүн натыйжалуу жолу бар. Адистин кеңеши

Аллергиясы барлар кийимин алмаштырып, үйгө барары менен жуунушу шарт. Ошондой эле аларга үйгө аба нымдоочу жабдууларды орнотуу да сунушталган.
Sputnik
БИШКЕК, 4-май. — Sputnik. Аллерголог Елена Щупляк бак-дарак, өсүмдүктөрдүн чаңын жактырбай, реакция кылуу бара-бара астмага жеткирерин айтып, аллергия менен күрөшүүнүн натыйжалуу жолдорун айтты. Адистин кеңеши РИА Новостиге жарыяланды.
Аллергия мээни да сезгендириши мүмкүн. Аллерголог Абдылдаев менен маек
Адис күн сайын бөлмөдө чаң турчу жерлерди маал-маалы менен нымдуу чүпүрөк менен аарчып турууну да эскерткен.
Аллерголог узак убакытка чейин гүлдөгөн өсүмдүктөргө аллергиясы барлардын оорусу менен күрөшүү оорураак экенин белгиледи. Бул илдет менен күрөшүүнүн эң мыкты ыкмасы — дарыгерге кечиктирбей көрүнүү. Адиске эрте кайрылгандар айрым учурда дартты толугу менен жеңип кете алат.