Айжан Чыныбаева кызматын тапшырып, вице-мэрликтен кетип жатат

Чыныбаева шаардык муниципалитеттин кызматкерлерине ыраазычылык билдирип, бул кызматта мындан ары иштей албасын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Айжан Чыныбаева Facebook баракчасы аркылуу Бишкектин вице-мэрлик кызматынан кетип жатканын билдирди.
Ал шаардык муниципалитеттин кызматкерлерине ыраазычылык билдирип, бул кызматта мындан ары иштей албасын айткан. Чыныбаева Бишкек шаардык мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергеновдун иштөө методуна кошулбай турганын белгилеп, аны менен мамиле түзө албаганын кошумчалаган.
Эске салсак, Чыныбаева аталган кызматка 2020-жылы октябрь окуяларынан кийин келген.