Радио

Мамакеева: аксакалдар сотунун мүчөлөрү 80 сомдой айлык алат

"Аксакалдар соту" ассоциациясынын жетекчиси Замира Мамакеева өлкө боюнча 795 аксакалдар соту институту болсо, анын ичинде 4 380 аксакал сот иш алып барарын айтты.
Sputnik
Эгемендүү Кыргызстанда аксакалдар соту институту 1993-жылы өз ишмердүүлүгүн баштаган. Ага чейин көчмөн жашоодо аксакалдар соту болгону менен кийин совет мезгилинде жоюлуп кеткен эле. Бул тууралуу Замира Мамакеева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда аксакалдар сотунун статусу коомдук бирикме катары бааланат.
"1993-жылы аксакалдар соту пайда болсо, 1995-жылы ошол кездеги президенттин жарлыгы менен убактылуу жобо иштелип чыккан. Ага ылайык, аталган институт майда-чүйдө уруш-талаш маселелерди чечүүгө салым кошуп калган. Андан соң 2002-жылы атайын мыйзам чыккан. Ал мыйзам боюнча, аксакалдар соту райондук соттон төмөн турган мамлекеттик орган катары саналган. Алардын милдетине үй-бүлөлүк уруш-талаш, кошуналардын суу, жер талаш маселелери, бейбаштык сыяктуу иштерди кароо кирген. Бирок 2010-жылдагы Конституцияга кирген өзгөртүүлөргө ылайык, көптөгөн мүмкүнчүлүктөрү чектелип калган. Ал эми 2018-жылдан тарта ишке кирген кодекстерде аксакалдар соттору 3-4 гана берененин чегинде иш алып барып, коомдук башталгычтагы мекемеге айланды. Учурда өлкө боюнча 795 аксакалдар соту институту бар. Алардын төрагалары 1200 сомдон айлык акы алышса, курамындагы башка соттор кварталына 250 сом алат", — деди Мамакеева.
Ал жаңы Конституция боюнча аксакалдар соту жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөндүгүн жана учурда тиешелүү мыйзам актылары иштелип жаткандыгын кошумчалады.