Өзбек бийлиги көп баскан жарандарына 1 млн. сумга чейин төлөп берет

Күн сайын 10 миң кадамдан көп баскан адамдын мобилдик капчыгына 3 миң сумдан каражат которулуп турат.
Sputnik
БИШКЕК, 3-май. — Sputnik. Өзбекстандын өкмөтү өз элинин саламаттыгына кам көрүп, күн сайын 10 миң кадамдан көп баскан адамдарга акча төлөп туруу боюнча токтом кабыл алды. Бул тууралуу өлкөнүн Юстиция министрлигине шилтеме берип Sputnik Өзбекстан жазды.
Саякатташың керек! Өзбекстанда эмгек өргүүнүн жаңы түрү пайда болду
Ошондой эле эң көп аралыкты басып өткөндөргө ай сайын район (шаар), облус жана республиканын деңгээлинде кошумча акы берилет.
Райондун деңгээлинде эң көп кадам таштагандар айына 300 миң сум (2,4 миң сомдун тегереги), облус боюнча 500 миң сум (4 миң сомдун теретеги) алат. Ал эми республикалык деңгээлде алдыңкы орунга чыккандар 1 миллион сумга (8 миң сомдун тегереги) ээ болушат.
Маалыматка караганда, мындай жол менен президент Шавкат Мирзиёев өзбекстандыктарды сергек жашоо образына тарткысы келет.