Орозо кармагандар COVID-19га каршы вакцина алса болобу? Министрликтин жообу

Калкты коронавируска каршы эмдөө 29-мартта башталган. Мартта өлкөгө Sinopharm препараты, апрелде "Спутник V" вакцинасы келди.
Sputnik
БИШКЕК, 3-май. — Sputnik. Рамазан айында орозо кармаган адамдар COVID-19 илдетине каршы эмдɵɵдɵн ɵтсɵ болор-болбостугу тууралуу суроого Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жооп берди.
Ага ылайык, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын өкүлү Бактияр Токтогазы уулу орозо кармагандар коронавирус илдетине каршы вакцина алса орозосу бузулбай турганын билдирген.
"Саламаттык сактоо маселелери абдан маанилүү. Эгер момун мусулман эмдɵɵдɵн ɵтɵм деп чечим кабыл алган болсо, эч шектенүүсүз сайдыра берсин", — деген муфтияттын өкүлү.
Бишкек шаарындагы мечиттерде жума намазы менен дааватка чектөө коюлду
Ошондой эле Республикалык иммундук профилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова бардык жарандарды COVID-19га каршы вакцина алууга чакырган.
Коронавирус оорусуна каршы эмдөөгө байланыштуу сурап-билүү телефондору ишке киргизилген. Call-борбор күн сайын эртең мененки саат сегизден кечки алтыга чейин иштейт. Ага жарандар 0312 32-31-27, 0312 54-65-21, 0500 30 32 23, 0500 30 33 43 номерлери аркылуу чала алат.
Калкты коронавируска каршы эмдөө 29-мартта башталган. Мартта Sinopharm препаратынын 150 миң дозасы, ал эми апрелде Россиянын "Спутник V" вакцинасынын 20 миң дозасы алып келинди.