Өлкөдө 277 адам коронавирус жуктуруп, 3 бейтап каза болду. COVID статистикасы

Бишкек шаары менен Чүй облусу "кызыл зонага" кирди. Бул эки аймакта ооругандардын саны көп болгондуктан Кыргызстан "сары зонада" турат.
Sputnik
БИШКЕК, 3-май. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда 277 кишиден коронавирус табылып, 202 бейтап айыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.
Жуктургандар:
Ушуну менен өлкөдө коронавирус аныкталгандардын саны 96 337ге жетти.
Айыккандар:
Оору илештиргендердин ичинен 89 921 киши дартты жеңген.
Тилекке каршы, бир сутка ичинде Бишкекте үч киши каза тапкан. Аларды кошкондо вирустан көз жумган кыргызстандыктардын саны 1 622ге жетти.
Азыркы тапта стационарда 1 498 бейтап дарыланууда, анын ичинен 375 адамдын абалы оор болсо, 73 бейтаптыкы өтө оор деп бааланууда.
Бир суткада төрт медиктен коронавирус табылган.