Радио

Латыпова: кыргыз бийинин деңгээли төмөндөп кетти

Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, "Шаттык" элдик үлгүлүү бий ансамблинин көркөм жетекчиси Сырга Латыпова кыргыз бийи аркылуу улуттун каадасын, маданиятын, тарыхын дүйнөгө даңазалап келгендигин айтты.
Sputnik
Чет өлкөдө кыргыз бийи улуттук кийим жана музыкасы менен өзгөчөлөнүп, көп элди таң калтырат. Мындай пикирин Сырга Латыпова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек учурунда билдирди.
Анын айтымында, эл аралык фестивалдарда "Шаттык" элдик үлгүлүү бий ансамблинин кыздары ийкемдүүлүгү, назиктиги менен айырмаланса, жигиттер ат чабыш, кыз куумайда эрктүүлүгү, духту көтөргөн намыскөйлүгү менен жогору турушат.
"Башка элдерден биздин бийчилер тарбиясы менен айырмаланып турат. Муну кайсы гана өлкөдө болбойлу, дайыма айтышат. Мындан тышкары, улуттук костюмдарыбыз жана кыргыз музыкасы көпчүлүктү таң калтырат. Комуздун ыргагы башка элдин улуттук аспаптарына караганда башкача чыгып, суктандырат. Комуз, ооз комуз жаңырганда уккан адамдын таң калганын, толкунданганын байкоого болот. Муну менен биз улуттун каадасын, маданиятын, тарыхын дүйнөгө даңазалап келебиз. Бийчи кыздарыбыз ийкемдүүлүгү, назиктиги менен айырмаланса, жигиттер ат чабыш, кыз куумайда эрктүүлүгү, духту көтөргөн намыскөйлүгү менен жогору турушат. Бий аркылуу көп маалымат жеткирсе болот", — деди Латыпова.
Ошондой эле жетекчи учурда кыргыз бийинин деңгээли төмөндөп, көптөгөн бий ансамблдери коммерцияга өтүп кеткендигин кошумчалады.