ИИМ Баткендеги азыркы абал тууралуу маалымат таратты

Тартип коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан чек ара аймактарындагы блокпосттордогу көзөмөл күчөтүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 3-май. — Sputnik. 3-майга карата Баткен облусунун Тажикстан менен чектешкен райондорунун баарында абал туруктуу. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Түн тынч өтүп, эч кандай чатак катталган жок. Милиция жана ички аскерлер жана башка аскердик күчтөр айылдардагы коопсуздукту көзөмөлгө алууда. Тартип коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан чек ара аймактарындагы блокпосттордогу коопсуздук чаралары күчөтүлгөн.
"Министрдин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков кайгуул милициясы менен биргеликте кагылышуу болгон чек арадагы айылдарды кыдырып, жергиликтүү элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Анда жер-жерлерде коопсуздукту сактоо жана күч органдарынын кызматкерлери элдик кошуундар менен биргеликте ар кандай укук бузуулардын алдын алуу зарылдыгын айтты", — деп айтылат билдирүүдө.
Учурда күч түзүмдөрү коомдук коопсуздукту камсыздоо максатында түнү-күнү иштөөсүн улантууда.