Бишкекте фонтандардын сезону ачылды. Сүрөт

Бардык фонтандар түшкү саат 14:00дөн 16:00гө чейин техникалык тыныгууга өчүрүлөт. Борбор калаада 16 фонтан болсо, анын 15и ишке кирди.
Sputnik
БИШКЕК, 3-май. — Sputnik. Бишкекте термометрдин көрсөткүчү акырындык менен жогорулай баштады. Мындан улам фонтандар ишке киргизилди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
1 / 5
Бишкекте термометрдин көрсөткүчү акырындык менен жогорулай баштады
2 / 5
Мындан улам фонтандар ишке киргизилди
3 / 5
Бул тууралуу мэриядан билдиришти
4 / 5
"Тазалык" муниципалдык ишканасынын балансында 16 фонтан комплекси бар
5 / 5
Белгилей кетчү жагдай, бардык фонтандар түшкү саат 14:00дөн 16:00гө чейин техникалык тыныгууга өчүрүлөт
"Тазалык" муниципалдык ишканасынын балансында 16 фонтан комплекси бар.
"Жаш гвардия бульварындагы фонтандан башкаларынын бардыгы эртең мененки саат 10.00дөн кечки 19:00гө чейин иштейт. Ал эми "Ала-Тоо" аянтындагы жана Тарых музейинин маңдайындагы фонтандар кечки саат 21:00гө чейин атат", — дешти мэриядан.
Белгилей кетчү жагдай, бардык фонтандар түшкү саат 14:00дөн 16:00гө чейин техникалык тыныгууга өчүрүлөт.