Тажикстан барымтадан бошоткондордун бешөө ооруканага жаткырылды

Кечээ эки өлкөнүн тиешелүү органдарынын сүйлөшүүсүнүн натыйжасында он киши мекенине кайтарылган. Министрлик алардын абалы тууралуу маалымат берди.
Sputnik
БИШКЕК, 2-май. — Sputnik. Кечээ Тажикстан барымтадан бошоткон 10 кишинин бешөө ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу брифингде саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова билдирди.
Кыргызстандыктар кечээ эки өлкөнүн тиешелүү органдарынын сүйлөшүүсүнүн натыйжасында бошотулган.
Учурда министр Алымкадыр Бейшеналиев Баткенде жүрөт.
"Министр өзү Лейлекте жеринде жабырлануучуларга медициналык жардам көрсөтүүдө. Алардын ичинде кечээ Тажикстандан куткарылган 10 кыргызстандык да бар. Бүгүн алардын ичинен беш жабырлануучу ооруканага жаткырылды, абалдары туруктуу", — деп айтылат маалыматта.
Бирөөнүн абалы өтө оор. Чек ара чырынан жабыркагандардын абалы айтылды
Эске салсак, 28-апрель күнү кечинде Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында чыккан чыр түнү менен күчөп отуруп, эки-үч күнгө созулуп кетти. Эки тарап бири-бирин көздөй ок аткан. Андан Кыргызстанда каза болгондордун саны 34кө жетип, 178 киши жабыркаган.
Бул трагедиядан улам 1-2-май — Кыргызстанда аза күтүү күнү деп жарыяланды.
Кыргызстан менен Тажикстандын тиешелүү органдарынын сүйлөшүүсүнүн натыйжасында кечээ чыр басаңдап, абал турукташып келе жатат.
Кырдаалга Sputnik агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляция аркылуу көз чаптырып турсаңыз болот.