Чыр чыгарын билгенбиз. Ташиев Новиков менен Максатка барды. Сүрөт

Новиков өкмөт бардык үйлөр менен социалдык объектилерди калыбына келтире турганын убадалады.
Sputnik
БИШКЕК, 2-май. — Sputnik. Биринчи вице-премьер Артем Новиков менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Баткендеги Максат айылына келди. Бул тууралуу Sputnik агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди.
Жергиликтүү эл менен жолугуп жаткандардын катарында өкмөттүн Баткендеги өкүлү Өмүрбек Суваналиев дагы бар.
1 / 3
Биринчи вице-премьер Артем Новиков менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Баткендеги Максат айылына келди.
2 / 3
Новиков өкмөт бардык үйлөр менен социалдык объектилерди калыбына келтире турганын айткан.
3 / 3
Жергиликтүү эл менен жолугуп жаткандардын катарында өкмөттүн Баткендеги өкүлү Өмүрбек Суваналиев дагы бар.
Новиков өкмөт бардык үйлөр менен социалдык объектилерди калыбына келтире турганын айткан.
"Кимдин эсебинен, кайсы каражатка экенин азыр айта албайм. Бирок мен оңдоого кепилдик берем, зыяндын көлөмүн аныктайбыз", — деген Новиков.
Чек ара чыры боюнча 11 иш козголуп, ИИМ Баткенге дагы 20 тергөөчү жөнөттү
Ал эми Ташиев мамлекет адам өлүмү көбөйбөшү үчүн согушту токтотууга аракет кылганын белгиледи.
"Кагылышуунун болорун алдын ала билгенбиз. Маалымат бар болчу. Ошого карата алдын ала даярданып техниканы киргизип турганбыз. Ушундан улам биринчи күнү ири кагылышты токтоттук. Биздин деле күчүбүз жетет эле. Бирок "битке өчөшүп көйнөгүңдү отко салба" дегендей кылдык", — деди Ташиев.
Жергиликтүү тургундар насыя тууралуу да маселе көтөрүштү. Ага жетекчилер мамлекет төлөп берүүгө аракет кыларын, жашоочулар бул боюнча санаа тартпашы керектигин белгилешти.