Радио

Жаныбеков: Кыргызстан органикалык продукциянын өлкөсү боло алат

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков Кыргызстанды органикалык айыл чарба өндүрүшүнүн өлкөсүнө айландыруу негизги багыттардын бири экендигин айтты.
Sputnik
Өлкөдөгү ири өндүрүштүн жоктугу органикалык айыл чарба продукциясын өстүрүүгө жакшы шарт түзөт. Мындай пикирин Аскарбек Жаныбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек учурунда билдирди.
Анын айтымында, дүйнөлүк рынокто минералдык жер семирткичтер колдонулбаган таза азыктарга болгон талап абдан өстү.
"Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин негизги багыты — Кыргызстанды органикалык айыл чарба өндүрүшүнүн өлкөсүнө айландыруу. Кошуна мамлекеттерде элинин саны, жери, өндүргөн продукциялардын көлөмү да көп. Биз 1 миллион 280 миң гектар менен аларга атаандаштык көрсөтө албайбыз. Кыргызстанда чоң өндүрүштөрдүн, завод-фабрикалардын жоктугу органикалык продукцияны чыгарууга жакшы шарт түзүп турат. Ушул жагыбыз менен чет өлкөдө жакшы орунду ээлей алабыз. Себеби ар бир мамлекетте бай адамдар көбөйдү. Алар таза азык жеп, өмүрүн узарткысы келет. Ошондо биз органикалык продукцияны чыгарууда күчтүү болобуз", — деди Жаныбеков.
Ошондой эле министр жогорку түшүмдүн негизги пайдубалы болгон техника, технология жана үрөнгө чоң маани берүү керектигин кошумчалады.