Коронавирустан 7 киши акка моюн сунуп, 308 адам оору жуктурду

Көз жумган жети кишинин төртөө Бишкекте, экөө Чүйдө жана бирөө Ысык-Көлдө дарыланып жаткан. Пандемия жалпы 1 619 адамдын өмүрүн алды.
Sputnik
БИШКЕК, 2-май. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы суткада 308 адам коронавирус жуктуруп, 258 киши айыкты, тилекке каршы, жети бейтап көз жумду. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
Ушуну менен ооругандар 96 060ка жетти.
Айыккандар:
Айыккандардын жалпы саны 89 719 болду.
Көз жумган жети кишинин төртөө Бишкекте, экөө Чүйдө жана бирөө Ысык-Көлдө дарыланып жаткан. Пандемия жалпы 1 619 адамдын өмүрүн алды.
Учурда ооруканада 1 496 бейтап жатат, амбулатордук дарыланууда 2 238 киши бар.